Жалпы маалымат

Негиздөөчү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жарчысы. Жалпы гуманитардык жана табигый-техникалык илимдери журналы ата мекендик жана чет элдик практикадагы жогорку окуу жайлардын тарыхынын жана учурдагы абалынын көйгөйлөрүнө басым жасап, билим берүү системасын модернизациялоонун теориясы менен практикасын талкуулайт.
Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан илимдин кандидаты жана доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертациялардын негизги жыйынтыктарын жарыялоо үчүн сунушталган, рецензияланган алдыңкы илимий журналдардын жана басылмалардын тизмесине киргизилген. табигый-техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер, билим берүү жана педагогика, информатика жана маалыматтык технологиялар тармагы..
Жарыяланган материалдар авторлордун көз карашын чагылдырып, «Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы» журналынын редколлегиясынын пикири менен дал келбеши мүмкүн.
Басууга берилген кол жазмаларды редакция кайтарып бербейт.
Жылына 4 жолу басылып чыгат.

Редакциянын дареги: 720033, Бишкек ш., Манас проспектиси, 66,
Веб-сайт: tmu.knu.kg
Каттоодон кайра өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги: 2025-жылдын 1-июлу, № 927.
Басма версиясынын ISSN номери 1694-9099
Көлөмү: 12 б.т.